Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү азайды

10 августа 2021, 12:00

Ушул жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери 230,7 миң гектар аянттан жыйналды, бул 3,3% га аз, деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.

Буудайдын түшүмү 41,4%га, арпа - 57,9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 31,2%га, картошка - 6,3%га жана коон - 3,5%га азайды.

Белгиленгендей, кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы өлкөдө негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн олуттуу азайышына алып келди.