Айыл чарба техникаларынын маалымат базасы түзүлөт

12 мая 2021, 15:30

Айыл чарба министрлиги “Санарип айыл чарбасы” долбоорунун алкагында өлкөдөгү бардык айыл чарба техникаларынын маалымат базасын түзүүнү сунуштоодо. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Мындай базаны түзүү мыйзам долбоорунун негиздемесине ылайык, өлкөнүн айыл чарба тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу баалоого жардам бериши керек.

Мындан тышкары, алынган маалыматтардан региондордун тигил же бул айыл чарба техникаларына болгон муктаждыгын билүүгө болот. Ушул маалыматтарга ылайык, инвесторлор, Кыргыз Республикасынын финансылык институттары, ошондой эле айыл чарба техникаларын берүүнү жана лизингди каржылоо боюнча донорлор менен иштешүүгө шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.