Былтыр орточо айлык эмгек акы 316,5 долларды түздү

9 марта 2023, 13:39

Былтыркы жылдын январь-декабрында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 26 миң 620 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Белгиленгендей, 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу номиналдык эмгек акы 31,8%га, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 15,7%га өскөн.

Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий алмашуу курсунун негизинде 2022-жылдын январь-декабрында бир кызматкердин орточо айлык акысы 316,5 долларды түздү.