Жайыт жерлерин туризм үчүн пайдалануунун мөөнөтү узарышы мүмкүн

23 июня 2022, 13:53

Кыргызстанда жайыт жерлерин туристтик максатта пайдалануу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникованын айтымында, өлкө бул багытта дүйнөлүк тенденцияны ээрчиши керек.

“Жаратылышка умтулгандар көбөйүүдө, булар глэмпинг жана кэмпингдер, алар беш жылдык мөөнөткө бөлүнгөн жайыт жерлерине туура келет. Тазалоочу жайларга же скважиналарга жер бөлүнгөнүнө беш эле жыл болуп турганда бир дагы инвестор инвестиция салбайт. Бул багытта иштер жүрүп жатат”, - деди ал.