Кыргызстанда эт өндүрүү 1.6% жогорулады
Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу жогорулады. Отчеттук мезгил убагында, 2019-жылга салыштырмалуу 4.5 миң тоннга көп эт өндүрүлгөн. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин сайтында айтылат.
2020-жылы республика боюнча барды чарба субъектилери тарабынан 294 миң тонна, өткөн жылга салыштырмалуу 1.6% көп эт өндүрүлгөн.
Кыргызстандын бардык облустарында тең эт өндүрүүнүн көлөмү жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, эт өндүрүүнүн жогорку көлөмү Жалал Абад жана Нарын облустарында - 2.5%, Ысык-Көлдө - 2.1% жана Ош облусунда - 1.1% катталган.