Кыргызстанда эми криптовалютаны сомго сатып алууга болот

8 июня 2022, 16:14

Bybit өзүнүн P2P платформасына жаңы жаңыртууну чыгарды. Бул тууралуу компания социалдык тармактардагы баракчаларында билдирди.

Компаниянын айтымында, эми кыргыз сому аркылуу криптовалютаны сатып алуу жана сатуу мүмкүн.

Платформа Оптима Банк, mBank, Коммерциялык Банк Кыргызстан, DemirBank, O!Money, Элкарт, РСК Банк, KICB аркылуу көптөгөн төлөм ыкмаларын колдойт.