Бажы кызматынын атынан алдамчылык фактылары катталууда

21 апреля 2021, 13:45

Кыргызстанда жалпы билим берүү жана орто атайын окуу жайларына байланыштуу алдамчылык фактылары көп катталууда. Белгисиз адамдар өздөрүн Бажы кызматынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышат, деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Мисалы, шылуундар билим берүү мекемелеринин башчыларына телефон чалып, өздөрүн Мамлекеттик бажы кызматынын же Билим берүү министрлигинин кызматкерлери деп тааныштырат жана Мамлекеттик бажы кызматында керексиз компьютердик жабдуулар бар экендигин, ошондой эле техникалык колдоо катары жаңы компьютерлер билим берүү мекемелерине өткөрүлүп берилээрин билдиришет .

"Компьютердик шаймандардын көлөмү чектелүү болгондуктан, алардан белгилүү бир сумманы шашылыш түрдө атайын эсепке которуп, андан соң Бажы кызматына келип, жабдыктарды алып кетүүнү суранышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Бажы бөлүмү кыргыз элинен мындай маалыматка ишенбөөнү суранат, эгерде ушундай жагдайга кабылсаңыз, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Мамлекеттик бажы кызматы ар кандай мамлекеттик мүлк бир мамлекеттик органдан экинчи органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айрым процедуралар аткарылган учурда гана өткөрүлүп берилээрин эскертти.