Мамлекеттик лотереялык компанияны башкаруу Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлөт

10 мая 2022, 15:14

Кыргызстанда мамлекеттик лотереялык компаниянын мамлекеттик башкаруу органынын функцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жүктөө сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда айтылат.

Маалым болгондой, мындай чечим бүгүнкү күндө лотереялык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган, ошондой эле мамлекеттик ишкананы башкаруу органы болуп саналган Финансылык көзөмөл органы менен кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо максатында сунушталган.

"Ошентип, тактык киргизилип, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары так аныкталат жана лотереялык компаниянын ишин башкаруу жана координациялоо боюнча бирдиктүү жана максаттуу саясатты жүргүзүүчү, финансылык-чарбалык ишмердүүлүккө мониторинг жүргүзүүчү орган аныкталат жана ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугу", — деп айтылат маалымдама-негиздемеде.