Пенсиянын базалык бөлүгүнүн жаңы өлчөмү белгиленди

14 сентября 2022, 11:40

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №504 токтому менен 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170 сом өлчөмүндө белгиленди. Бул тууралуу Toktom.kg маалыматтык-укуктук порталында жазылды.

Ага ылайык, Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.