Унду экспорттоого сандык чектөө киргизилди

9 ноября 2022, 11:20

ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерге буудай унун өлкө аймагынан тышкары ташып чыгууга 100 миң тонна өлчөмүндө сандык чектөө киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бул чектөө 2022-жылдын 1-ноябрынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө болгон базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.