ММК фондунун 2020-жылдагы бюджети бекитилди

23 января 2020, 10:10

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджети чыгаша жана кирешеси менен 16 млрд 9.8 млн сом деп бекитилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.