«Нарын» эркин экономикалык чөлкөмүндө товарларды жылдыруу тартиби бекитилет

24 марта 2023, 14:20

Министрлер Кабинетинин жыйынында “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүндө товарларды жылдыруу тартибин бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алууда чек-аралык электрондук соода боюнча Кытайдын Кашгар бонд чөлкөмү менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот, товарларды “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кашгар шаарынын бонд чөлкөмү аркылуу экспорттоо ишке ашырылат.

“Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кытай Эл Республикасына товарларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт жана Түркия Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана башка өлкөлөрдүн инвесторлорун тартат.