Кыргызстан жүргүнчү ташуучу поезддердин 2021-жылга чейинки жүрүү графигин бекитти

27 ноября 2020, 11:45

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 2021-жылга эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддердин кыймылынын графигин иштеп чыгууну аяктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул график жүргүнчү ташуучу поезддердин кыймылы иштей баштаганда эле күчүндө болот. 2021-жылы жүргүнчү ташуучу поезддер Москвага жумасына эки жолу, Казанга жумасына бир жолу, Новосибирскке сегиз күндө бир жолу каттайт.

Белгилей кетсек, жүргүнчү ташуучу поезддердин эл аралык кыймылы 2020-жылдын 17-мартынан тартып, республиканын ичиндеги жол кыймылы 25-марттан тартып убактылуу токтотулган. Коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча чектөө чаралары алынып салынгандан кийин, кыймыл кайрадан улантылат.

"Компания республикалык ички байланыш үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерди Бишкек-Кайыңды, Бишкек-Кара Балта, Бишкек-Токмок республикалык штабдын уруксаты болгон учурда, бекитилген" Ички республикалык байланыштын жүргүнчүлөрүн ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмдеринин "сакталышын эске алганда даярдоого даяр", - деп айтылат билдирүүдө.