Экономикалык ишкердүүлүктүн бардык тармагында маяна жогорулады

11 ноября 2022, 10:41

Быйыл тогуз ай ичинде экономикалык иштин бардык тармагында орточо айлык акы өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин өкүлү Гүлнара Сулайманова билдирди.

Эмгек акынын эң көп өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагына (62,7%) туура келет. Андан соң саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө (53,5%), билим берүү (41,9%), кесиптик, илимий чөйрөдө белгиленди. Ага улай техникалык ишмердүүлүк (24,2%), мамлекеттик башкаруу жана коргоо (23,2%), тоо-кен өндүрүшү (23,3%), мейманкана жана ресторандар (21,4%), курулуш (20,8%), транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында (20,2%) жогорулады. 

Ошондой эле, дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо (19,2 %) жана башкаруу ишкердүүлүгүндө маяна (18,7) өстү.