Электрондук акча менен төлөө боюнча операциялардын көлөмү эки эсе өстү

28 февраля 2023, 12:40

Былтыркы жылдын төртүнчү кварталында Кыргызстанда электрондук акчанын эмитенти катары алты коммерциялык банк чыгып, сегиз локалдык электрондук акча эсептешүү системасы иштеген.

Мурунку мезгилге салыштырмалуу электрондук акча боюнча көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалууда.

"Кыргызстанда электрондук капчыктар ортосундагы акча которуу операцияларынын көлөмү эки эсеге өсүп, 8 миллиард сомду түздү. Ал эми которуулардын саны 60,3%га көбөйүп, 2 млн транзакцияны түздү", - деп билдирет жөнгө салуучу.

Мындан тышкары, электрондук акча менен товарларды жана кызматтарды төлөө боюнча операциялардын көлөмү эки эсеге өстү. Ал 6,7 миллиард сомго жетти. Жалпысынан 2022-жылдын төртүнчү кварталында электрондук акча менен 4,4 миллион транзакция жүргүзүлдү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,8%га көп.

Ошол эле учурда электрондук капчыктарды толтуруунун көлөмү 18,3%га азайып, 8,7 млрд сомго, ал эми электрондук акчаны накталай же нак эмес акчага алмаштыруу боюнча операциялардын көлөмү дароо 43,3%га кыскарып, 4,5 млрд сомду түздү. Бүтүмдөрдүн саны да 45% азайды.