2019-жылдын 11 айында ИДПнын көлөмү 513,4 млрд сомду түзгөн
2019-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 513,4 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу КР Экономика министрлиги билдирет.
Реалдуу өсүү темпи Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо 4,9% ды түзгөн (2018-жылдын январь-ноябрында 103,1% ды түзгөн), өсүү темпи 103,5% (2018 - жылдын январь-ноябрында-103,2 %). ИДПнын дефлятору 100% ды түзгөн.
Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлорунда көрсөткүчү: айыл чарбасында көлөмдөр 1,9% га, курулушта – 9,8% га, өнөр жайда – 10,0% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 2,8% га реалдуу өскөн.
Номиналдуу ИДП түзүмүндө экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, 1,8 % көбөйгөн жана 41,4% ды түзгөн, ал эми кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 1,1 % төмөндөгөн жана 44,4% ды түзгөн.