Былтыр Кыргызстанда пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 50,8 млрд сом бөлүндү

13 января 2022, 14:13

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-декабрь айларында пенсия жана жөлөкпулга 50 млрд 819,4 млн сом каржыланды. Мындай маалыматты Социалдык фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Каражаттын басымдуу бөлүгү пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө Ош (9,3 млрд сом) жана Жалал-Абад (8,7 млрд сом) облустарына, эң азы – Талас облусуна (2 млрд 102,3 млн сом) багытталган.

Кошумчалай кетсек, декабрь айында пенсия жана жөлөкпулдарды каржылоого 4 млрд 537,2 млн сом бөлүнгөн.