Ак илбирсти сактоо боюнча өткөн жарышта 2.8 млнн. сом чогулган

1 октября 2019, 09:29

Түшкөн каражаттын 50% кайрымдуулукка жумшалат. Ак илбирсти сактоо жана экологияны коргоого багытталган Toyboss Snow Leopard Run — 2019 кайрымдуулук жарыш – 1 млн.426.7 миң сом бөлүп берет. 

Жарыш 15-сентябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде өткөн. 

Жарышка 4 миң катышуучу катышкан. 

Балдар, атлетчи жана жарыштын күйөрмандары 500 метрден 21.1 километрге чейин, ак илбирсти сактоого салым кошуу максатында чуркашкан.

 

«Биз, Nоmad Sport, ар бир катышуучуга жана колджоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиребиз! Бул чоң масштабдагы иш-чара – ар бир өнөктөш, компания жана катышуучулардын колдоосуз өтмөк эмес!», - деп билдирет жарыштын  уюштуруучулары.