Январь айында бюджетке милдеттүү патенттен 44,4%га аз киреше түшкөн

21 марта 2022, 10:53

Январь айында патенттин негизинде иштеген ишкерлер бюджетти 183 млн 232,3 миң сомго толукташты. Мындай маалыматтар Финансы министрлиги тарабынан берилген.

2021-жылдын ушул эле мезгилинде 192 млн 873,8 миң сом чогултулган, бул салыштырмалуу дээрлик 5%га аз. Кирешелердин азайышы алардын милдеттүү патент линиясынын 44,4%га кыскарышына байланыштуу.

Эске салсак, Кыргызстандын жаңы Салык кодексине ылайык, өлкөдө 2022-жылдан тарта милдеттүү патент толугу менен жоюлган. Алардын базасында иштеген ишкерлер салык төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн режимине же ыктыярдуу патентке өтүшү керек болчу.