COVID-19га каршы вакцинаны Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандар да ала алышат

28 июня 2021, 10:15

Орусиянын COVID-19га каршы вакцинасын Кыргызстанда жарандыгына карбай бардык аадмдар алса болот. Бул тууралуу "Акчабарга" Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары, ооруканадагы дары-дармектер тууралуу мекеменин порталынан маалымат алууга болот.

Эске салсак, 27- июнга карата коронавирус илдетин жуктургандардын саны 992 адамга жетти. 550 адам айыгып чыкты. Жалпысынан 120 миңден ашык кыргызстандык оору жуктурган болсо, 108 миңден ашыгы айыгып айыккан.