Кыргызстанда «COVID-19ка каршы эмделген адамдардын бирдиктүү реестри» киргизилди

22 июля 2021, 13:00

Так статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн "COVID-19ка каршы эмделген адамдардын бирдиктүү реестри" киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын алкагында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине маалымат тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле, мамлекеттик органдардын башчыларына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине вакцинацияланган жарандардын маалымат базасына маалыматтарды киргизүү боюнча ишти уюштуруу жана массалык эмдөөнүн жүрүшүн тездетүү тапшырылды.