«Жалган маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирди

24 августа 2021, 10:00

Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалым болгондой, мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.

Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет, - деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзам боюнча бир нече эл аралык уюмдар президентти ага кол койбоого чакырган. Алар мыйзам сөз эркиндигин чектейт деп эсептешет.