Кыргызстан жыгач материалдарын экспорттоого убактылуу тыюу салды

2 декабря 2021, 09:09

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары Кыргызстандан жыгач жана жыгачтарды ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинети алты айлык мөөнөткө экспортко убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана УКМКнын Чек ара кызматы жыгач жана жыгач материалдарын мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү керек.