Макулатура жана картон калдыктарын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди

5 августа 2022, 09:32

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу тууралуу чечимге кол коюлду.  

Аталган чечимдер расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, ички рынокто чийки заттын кескин жетишсиздигин алдын алуу, өндүрүштү стимулдаштыруу жана даяр продукциянын экспортун көбөйтүү максатында министрлер кабинети мындай чектөөнү өткөн жылдын август айында да киргизген.