Кыргызстанда 788 кв метр турак жай экспулатацияга берилген
Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында Кыргызстанда 6.8 миңден ашык үй экспулатацияга берилген. Курулган турак-жайдын жалпы аянты 788.3 миң квадрат метрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9.78% көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Капиталга болгон инвестициянын жалпы суммасы 13.3 млрд сомду түзгөн. Бишкек шаарына 3.4 млрд сом, Чүй облусуна - 2.4 млрд сом жана Жалал-Абад облусуна - 2 млрд сом инвестиция бөлүнгөн.
Ош облусунда 159 миң, Жалал - Абад облусунда - 148.3 миң, Чүй облусунда - 135 миң жана Бишкек шаарында - 123.3 миң квадрат метр жер аянты бөлүнгөн.