Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшерүүгө тыюу салынды
Кыргызстанда укук коргоо органдары жүргүзгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Бул тууралуу "Акчабарга" документ менен тааныш өкмөттөгү булактарыбыз билдирди.
Документке ылайык, убактылуу тыюу ушул жылдын 15-июнунан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкү текшерүүлөрдөн тышкары болот:
- жазык, жарандык жана административдик сот өндүрүшүнүн алкагында;
- бажы көзөмөлү астында турган товарларга карата бажы кызматы тарабынан;
- COVID-19 коронавирусунун Кыргыз Республикасында жайылышынын алдын алуу маселелери боюнча.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.