Жумушсуздардын 59%ы Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет

28 января 2022, 10:20

1-январга карата Кыргызстанда калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 99,3 миң адамды түзсө, анын ичинен 76 миң адам жумушсуз деп катталган. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитети тарабынан жарыяланды.

Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,6%га өскөн.

Аны менен бирге Ош жана Жалал-Абад облустарында жумушсуздардын саны эң көп катталган, алар жалпы жумушсуздардын 58,6% түзөт.

Кошумчалай кетсек, катталган жумушсуздардын жалпы санынын 45,2%ын аялдар түзөт. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,9%ды түздү.