Өлкөдө мал чарба өндүрүмүнүн көлөмү өстү

8 декабря 2022, 10:54

Быйыл январь-сентябрь айларында өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу жүндү кошпогондо, негизги мал чарба өнүмдөрүн өндүрүүнүн көлөмү өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.  

Быйыл тогуз айда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу союшка арналган малды жана канаттууларды өндүрүүнүн өсүшү  2,7%ды, сүт 2,1%ды жана жумуртка өндүрүү 7,9%ды түздү. 

Улуттук статистикалык комитети көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнүн себебин малдын жана үй канаттууларынын санынын көбөйүшүнө байланыштырды.  

Бул мезгилде жүн өндүрүү 1, 6 процентке көбөйдү.