Кыргызстанда январь-май айларында бензин өндүрүү дээрлик токтоп калган

10 июля 2020, 11:05

Евразия экономикалык бирикмедеги мүчө өлкөлөрдө май айында 18 млн 156.6 миң тонна автоунаа бензини өндүрүлгөн. Бул 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5.4% аз. Бул тууралуу ЕЭБден маалымдашты. 

 

 

Өндүрүш көлөмүнүн азайышы Белорусиядан 25.6% (2019-жылдын январь айына салыштырмалуу), Орусиядан - 4.9% ал эми Кыргызстанда таптакыр өндүрүлбөгөндүгү менен байланыштуу. Комиссиянын маалыматына ылайык, республикада январь-май айларында өткөн жылга салыштырмалуу болгону 8.4% гана күйүчү май өндүрүлгөн. 

ЕАЭБ өлкөлөр ичинен Казакстанда гана өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 11.8% катталган.