Беш айда 15 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

8 июня 2021, 15:00

Ушул жылдын январь-май айларына камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 15 миллиард 193,6 миллион сом суммасында каралган. План 102,5% га же 373,6 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 миллиард 593,6 миллион сомго көп жыйналды же өсүү темпи 120,6% түздү.

2021-жылдын май айында 3 миллиард 172,9 миллион сом суммасындагы камсыздандыруу төгүмдөрү түшкөн. Муну менен болжолдонгон көрсөткүчтөр 100,1% га, же 2,9 млн сомго ашыкча аткарылды.

Быйыл Салык кызматы кеминде 97 миллиард сом өлчөмүндө салык чогултууну пландаштырып жатат.