Кытайлык компания алты ооруканага компьютердик томографиялык аппараттарды орнотот

14 сентября 2022, 13:30

Бишкекте саламаттык сактоо мекемелерине компьютердик томографтарды орнотууга багытталган мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн долбоордук келишимине кол коюлду. Ага ылайык, Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы аймактык ооруканалары, №4 Клиникалык тез жардам ооруканасы жана  Республикалык диагностикалык борборго заманбап компьютердик томографиялык аппараттар орнотулат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн өткөн ачык конкурсунун негизинде инвестор катары кытайлык компания тандалып алынды. Инвестициянын суммасы 5 миллион доллардан ашат. Ишкана 18 айдын ичинде даярдык жана жабдууну орнотуу иштерин жүргүзөт.

 "Заманбап компьютердик томографиялык борборлорду ачып берүү – калк үчүн зарыл болгон, көрсөтүлгөн кызматтардын өзгөчө аймактарда сапаттуу жана жеткиликтүү болушун камсыздаган, биринчи орунда турган милдет", - деп айтылат маалыматта.

"АФЕЙ Холдинг" ЖЧК компаниясы өнөктөш катары 15 жыл бою өзүнүн жеке каржылык ресурстарынын эсебинен техникалык кызматтарды көрсөтүп, кыргызстандык дарыгерлер менен эриш-аркак иштей турган жогорку квалификациялуу дарыгер-диагносчуларды алып келип, окутууларды жүргүзүп жана өлкөнүн дарыгерлери менен Кытай дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусуна шарттарды түзүп берет.  

Келишимдин мөөнөтү бүткөн учурда, тагыраагы, 15 жылдан соң жеке инвестор бардык объектилер менен жабдууларды мамлекеттин толук менчигине өткөрүп берет.