«Манас» аэропортунун мурунку жетекчиси кармалды

9 февраля 2021, 16:45

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы Эмир Чукуев кармалды.

 

 Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ал 6-апрелге чейин Бишкектеги №1 СИЗОго камалды. Тиешелүү чечимди Ленин райондук соту чыгарды.

Ал түркиялык Gata havayollari ve tasimacilik компаниясына эл аралык ташуулар үчүн мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү фактысы боюнча кармалган, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.