ЖЧКлардын бири Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз товар киргизүүнү уюштурган

1 февраля 2021, 13:30

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан аткезчилик жол менен чет өлкөдөн ташылып келе жаткан телевизор түрүндөгү товар аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүүгө катыштыгы бар, тагыраак айтканда, ЖЧКлардын бири Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз товар киргизүүнү уюштурганы аныкталды.

2021-жылдын 29-январында «Кыргызтемиржолу» мамлекеттик ишканасынын «Аламедин» темир жолу станциясына чет өлкөдөн жүк келип түшкөн, анда мамлекеттик бажы декларациясына 90 телевизор деп көрсөтүлгөн. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө декларацияда көрсөтүлбөгөн 4 миң 56 даана телевизор аныкталган.

Аталган компаниянын мыйзамга каршы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында мамлекетке 15 млн сом зыян келтирилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.