Кыргызстанда инфляциянын деңгээли төмөндөдү

12 августа 2021, 11:00

Ушул жылдын июлунда мурунку айга салыштырмалуу, Армения Республикасын кошпогондо ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулоосу белгиленди, ал эми Армения Республикасында алардын 0,5 пайызга, Кыргызстанда - 0,2 пайызга төмөндөгөнү маалым болду. Бул тууралуу улуттук статистика комитетити билдирди. 

Бирок, 2021-жылдын июлунда 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөөчү секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (7,0 пайыз) Кыргыз Республикасында катталды.

Муну менен бирге, өлкөдө азык-түлүк товарларына болгон баалар жана тарифтер (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) 9,8 пайызга өстү.