ЕАЭБ: Кыргызстанда тооктун жумурткасы кымбат

17 мая 2021, 09:01

Тооктун жумурткасынын орточо баасы Кыргызстанда ушул жылдын март айында аныкталды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Анализге ылайык, Кыргыз Республикасында 1000 тооктун жумурткасынын баасы 100 долларды түзсө, коңшу Казакстан менен Орусияда анын баасы 82 доллардан ашкан жок, ал эми Беларусияда 70 доллар - Евразия экономикалык бирлигиндеги эң төмөнкү баа болуп саналат.

Эң жогорку баа армяндык өндүрүүчүлөргө таандык, анда 1 миң даана тооктун жумурткасы үчүн 147 доллар төлөөгө туура келет.