Кыргызстанда курулуш сезону аяктоодо

26 августа 2021, 11:00

Мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө инвестициялык долбоорлор боюнча 2021-жылдын курулуш мезгилин иштөө мөөнөтүнө жана графигине ылайык бүтүрүү боюнча чараларды көрүү тапшырылды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошондой эле, мамлекеттик органдарга коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы шашылыш чараларды каржылоону толук жана өз убагында камсыздоо тапшырылды.

Мындан тышкары, аларга жөлөкпулдарды дайындоо системасын автоматташтыруу жана муктаждыкты аныктоодо ачыктыкты камсыз кылуучу механизмдерди киргизүү аркылуу жөлөкпулдардын даректүүлүгүн камсыз кылуу жана алуучулардын тизмесин ар бир айылдын деңгээлинде камсыз кылуу милдети жүктөлгөн.