Кыргызстан гриппке каршы вакцинаны 33,5 млн сомго сатып алат

21 июня 2021, 12:30

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тумоого каршы вакцина сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды. 

Тендердин жалпы суммасы 33 миллион 500 миң сом.

Техникалык тапшырмага ылайык, вакцина 20 күндүн ичинде жеткирилиши керек.