Финансылык сабаттуулук боюнча тиркеме ишке кирди

3 июля 2021, 09:00

Улуттук банк Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте "Туруктуу экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү" долбоорунун алкагында "Финсабат" каржылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгышты, деп билдирди банктын басма сөз кызматы.

Тиркеменин максаты - калктын, анын ичинде аймактардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу.

“Финсабат” бул кирешелериңизди жана чыгымдарыңызды алыстан көзөмөлдөп, өзүңүздүн жана үй-бүлө бюджетиңизди башкарууга жана каржылык чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берген жеткиликтүү курал" дейт мекеме.

Мобилдик тиркеменин функциялары каржылык сабаттуулукту жогорулатууга жана каржыны туура башкаруу маданиятын тарбиялоого багытталгандыгы белгиленди.