Чет элдик компанияларга салык системалары ишке киргизилет

26 мая 2022, 10:06

Кыргызстанда чет элдик компанияларды салыктык каттоонун электрондук системалары иштелип чыгууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү Эл аралык ишкерлер кеңешинин фискалдык саясат боюнча комитети менен болгон жолугушууда билдирди.

Жаңы электрондук системалар ушул жылдын башынан тартып күчүнө кирген Салык кодексинде каралган отчеттуулук формалары менен толукталат.

Мындан тышкары, азыр Экономика министрлиги бизнес өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен Салык кодексине өзгөртүүлөрдү даярдоодо.

“Жаңы Салык кодексин илгерилетүүнүн бардык этаптарында — иштелип чыккандан баштап, коомдук талкуулоо учурунда жана азыр ал күчүнө киргенде, ЭИК бул жааттагы бизнес маселелерин чечүү боюнча жигердүү иштөөнү улантууда”, - деди Аскар Сыдыков.

Жолугушууда ишкерлер жаңы Салык кодексинин иши боюнча кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.