Кыргызстанда “Электрондук нотариус” системасы ишке кирет

5 сентября 2019, 16:16

КР Өкмөтү нотариалдык документтердин электрондук базасын бекитти. Бул система Нотариалдык документтердин базасын киргизүү менен башка мамлекеттик маалымат тутумдарынан маалыматты алууга жана берүүгө, өз ара аракеттешүүгө    мүмкүнчүлүк  берет. 

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасынын жардамы аркылуу нотариустардын бардык нотариалдык иш-аракеттердин электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин  жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоого мүмкүн болот. 

Мамлекеттик дагы, жеке менчик дагы нотариустардын ишин ачык көрүүгө шар түзүлгөн. 

Бул система аркылуу нотариустардын мыйзамсыз жана туура эмес иш аракеттери жокко чыгарылат. Система кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө  байланыштуу жасалган иш-аракеттердеги кылмыштардын санын азайтат, ошондой эле нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышындагы көзөмөлдү  жогорулатат. Ишмердүүлүктүн ачык болушу, бир четинен нотариалдык аракеттердин сырдуулугун ишенимдүү камсыз кылат, экинчи жагынан жалпы нотариат системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Электрондук системанын ээси жана оператору болуп Юстиция Министрлиги эсептелинет.