ОсОО «КТ-Мобайлдын» директору алмашты

3 февраля 2020, 12:45

ОсОО «КТ-Мобайлдын» директору болуп Мирлан Кубаталиев дайындалды. Бул тууралуу ОсОО «КТ-Мобайлдын» басма сөз кызматынан билдиришти. 

Буга чейин бул кызматта Мураталы Жакыпбеков иштеген. 

Мирлан Кубаталиев буга чейин ОсОО «КТ-Мобайлдын» коммерциялык департаментинин жетекчиси болуп эмгектенген. 

Компания «Альфа Телеком» ААК менен биргеликте  2019 - жылдын август айынын ортосунда SALAM мобилдик байланышын түзгөн. Акциянын 100% ААК «Кыргызтелеком» ээлейт.