ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичинен эң кымбат мал Кыргызстанда

1 октября 2022, 17:43

Быйыл август айына карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө малдын баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5%га кымбаттаган. Бул тууралуу Евразия экономикалык коммиссиясы маалымдады.

Бул мезгилде бардык мүчө-мамлекеттерде мал чарба продукциясынын баасы жогорулап, анын ичинде Белоруссияда (29%га) жана Арменияда (19,6%га) баа эң көп өскөн. Кыргызстанда өсүш 10,8%ды түзгөн, бирок сүт менен жумуртканы кошпогондо мал чарба азыктарынын баасы ЕАЭБде эң кымбат болууда.  

Бодо малдын бир тоннасы 2999 доллар, майда жандыктын баасы орто эсеп менен 2811 доллар, чочко 2744 доллар, канаттуулар 1960 доллар, сүт 336 доллар, ал эми тооктун жумурткасы 108 доллардан (миң даанасы) турат.