«Кыргызалтынга» төраганын жаңы орун басарын дайындалды

12 мая 2021, 16:30

"Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешинин жыйынында башкармалыктын төрагасынын өндүрүш жана геологиялык чалгындоо иштери боюнча жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Башкармалыктын төрагасынын өндүрүш жана чалгындоо иштери боюнча орун басары болуп Кубанычбек Турдукожоев дайындалды.

Ал эми Талант Казаков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жана берилген арызга ылайык ээлеген кызматынан бошотулуп, компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болбой калды.