Кыргыз-Швейцариялык Банкка жаңы кадр келди

25 февраля 2020, 09:03

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Корнада Хурнини директорлор кеңешинин мүчөсү кылып дайындады. Бул тууралуу УБ сайтында маалымдалат. 

Конрад Хунри ЖАК «Кыргыз-Швейцариялык Банкытын» кызматына сунушталган. Андан сырткары ал аудит боюнча комитеттин төрагасы болуп дайындалды.