Кыргызстанга Россиядан 15 вагон буудай келди

21 апреля 2020, 08:35

Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудай Кыргызстандын аймагына жеткирилип келе баштады. Өлкөгө 15 вагон – 1028 тонна буудай Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

 

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөткө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиядагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагон буудай келет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет.

Учурда өкмөткө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өкмөттүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар/абал режими киргенден бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тоннадан ашык ун жана 150 тонна шекер бөлүнүп берилди.