Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти келди
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Кыргызстанга соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк жыйынына катышуу үчүн келди.
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 10-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт.
Мындан тышкары, визиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү, биргелешкен документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебин ачуу пландалууда.