Кыргызстанда кытайлык инженерлер темир жол куруу маселесин изилдеп жатышат

25 ноября 2022, 14:26

Кытайдан Кыргызстанга атайын инженерлер келип, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча Нарын жана Жалал-Абад облустарында изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Биринчи элдик курултайда билдирди. 

Ал жолдун курулушу боюнча быйылкы жылы келишим түзүлгөнүн билдирди. 

“Бул темир жолдун курулушу деңизге чыгууну камсыздап, биздин темир жолду транзиттик жолго айлантат. Бул өнүгүү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет”, - деди мамлекет башчысы.