Кыргызстанга 600дөн ашык чет элдик IT адист келди

12 октября 2022, 11:21

IT тармагында иштеген Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова жана Казакстандын жарандары Кыргызстанга киргенде Digital Nomads катары каттала алышат.

Социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигине бул макамга чет өлкөлүктөрдөн 600дөн ашык арыз келип түшкөн, учурда 150 арыз канааттандырылган. Калгандары каралууда.

Министрликтин айтымында, бул статус аларга өлкөнүн аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.