Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы IT жана AI адистери келет

26 марта 2024, 15:51

Кыргызстанга орусиялык IT адистер келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул тууралуу “Яндекс” бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейконун Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында макулдашылды. 

Белгилеп кетсек, жасалма интеллект (AI) жана маалыматтык технологиялар (IT) жаатындагы адистер тажрыйба алмашуу үчүн келишет.