Кыргызстанга 3 млн сомго дары каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталган

22 июля 2020, 13:30

 «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери «А.Э.И.» ЖЧКсы терминалынын аймагында прицеби бар унааны текшерүүгө алып, ичинде жалпы суммасы 2 млн 956.2 миң сомду түзгөн «Repagen 300 mg» дары каражаты болгондугун аныкташкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Унаа каражатынын жүк салуучу бөлүмүндө «Repagen 300 mg» дары каражатынын 2.3 миң даанасы табылып, анын жалпы салмагы 129.5 килограммды түзгөн. Маалыматка ылайык, ал ЕАЭБ бажы мыйзам чыгаруусун бузуу менен коңшу мамлекеттен чыгарылган.

«Аталган факты Бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар реестрине катталып, тергөө органдарына өткөрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.